Бишкекте быйыл кытай грантынын эсебинен 70 чакырым жол салынды

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт департаментинин башчысы Максат Нусубалиев 27-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Анда долбоордун экинчи фазасы 30-октябрга чейин аяктарын айтты.

«Кытай грантынын эсебинен каржыланган долбоордун экинчи фазасы жүрүп жатат. Ага ылайык, быйыл 70 чакырым жол салынып жатат жана бул иштер 30-октбярга чейин толугу менен аяктайт. Эмдиги жылдан тартып долбоордун үчүнчү фазасына өтөбүз. Анда шаарда беш айланма жол курабыз. Азыркы учурда биздин адистер кытай тарап менен макулдашып жатат. Иштер марттан тарта башталат. Долбоордун жалпы суммасы бир миллиард юань болгон, бул акча толугу менен грант. Быйыл салынган жолдун 65% жаңы конуштарга туура келет. Кытай грантынан сырткары жылына мэриядан жылына 500-600 миллион сом акча бөлүнөт, ага жылына 30-40 чакырым жол салынат»,-деди Нусубалиев.

Кытай грантынын эсебинен Бишкектин жолдорун оңдоонун биринчи фазасы 2016-жылы башталган жана алгачкы айлампада жалпы узундугу 95 чакырымды түзгөн 49 көчө, 180 чакырым тротуар салынып, ирригациялык система жаңыртылган. Ошондой эле алты көпүрө жана бир эстакадалык көпүрө курулган.

Кытай грантынын эсебинен көчөлөрдү оңдоону кытайлык компания ишке ашырат.

Related posts

Бишкекте кызды сүзүп кеткен айдоочу 1 айдан кийин кармалды

admin

КР УКМК: Нарын облусунун Жумгал районунун Арал айылында жайгашкан мурдагы “Дружба” пионер лагеринин аймагы кошумча түрдө мамлекетке кайтарылды

admin

12-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий