Бишкекте чет өлкөлүк Цэрендаш Монхзул изделип жатат

Бишкекте чет элдик жаран Цэрендаш Монхзул изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-октябрда Ленин РИИБге жаран кайрылып, анын жердеши 1993-жылы туулган Цэрендаш Монхзул дайынсыз болуп жатканын айткан. Ал ошол эле күнү саат 16:00 чамасында Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 (312) 352-605, 0 (553) 102-465, 0 (703) 501-600, 0 (553) 102-880, 0 (502) 250-815  номурларына кайрылсаңар болот.

Related posts

Айгүл Жапарова акча таратт деген маалымат жалган

admin

12-апрелге карата айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт

admin

Жалал-Абадда кызамык оорусуна байланыштуу эки мектеп карантинге жабылды

admin

Комментарий