Бишкекте чет өлкөлүк жаран кызды өлтүрө сүзүп, качып кеткен. Милиция маалымат берди

23-сентябрь күнү саат 17:45 чамасында Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан Honda Aria үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 2004-жылы туулган чет элдик жаран жөө жарандардын өткөөлү менен чыгыш тарапка өтүп бара жаткан 2009-жылы туулган жаранды сүзүп кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилгенден кийин, каза болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Бул факты боюнча Бишкек ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесине (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) ылайык кылмыш иши козголду.

Окуя болгон жерге жол тескөөчүлөр барган учурда айдоочунун качып кеткенин аныкташкан. Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, шектүү аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш ишинин алкагында баардык керектүү экспертизалар дайындалып, унаа атайын айып короого киргизилген.

Related posts

ТИМ: “Израилде жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок”

admin

«Микки Маустун кулагына окшош». Кытайда мышык менен иттерге операция жасата башташты

admin

Украинадагы согушка катышкан жигит абактан чыкты

admin

Комментарий