Бишкекте чет элдик лидерлердин катышуусунда эл аралык иш-чаралар өтөт 

Ушул жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин аминистрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин башчылары учурдагы экономикалык абалды, ошондой эле евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери өтүп бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, Биримдиктин өнүгүү келечеги боюнча пикир алмашат.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өнөктөштүгүн чыңдоого, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерди кабыл алуу пландалууда», — деди Муратбек Азымбакиев.

Андан соң 10-декабрда Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары болот.

«Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда. Эки өлкөнүн лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, бир туугандык жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат.

Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өткөрүлөт», — деди президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.

Related posts

Визасынын мөөнөтү өтүп кеткен 45 чет өлкөлүк жаран депортацияланды

admin

Энергетика министрлиги: Көмүр биринчи иретте элге эмес, ЖЭБке берилет 

admin

КР УКМК: Баткен облусунун Лейлек районунда коррупциялык схема аныкталды

admin

Комментарий