Свердлов районунун акими Максатбек Саргазаков Чокан Валиханов көчөсү менен Шабдан баатыр проспектисинин кесилишиндеги сквердин курулушу менен таанышты.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда сквердин аймагында ирригациялык система орнотулган жана тротуардын капиталдык курулушу жүргүзүлүүдө. Аянтта ар кандай өсүмдүктөрдү отургузуу пландаштырылууда.
Быйыл Свердлов районунда төрт сквердин курулушу аяктайт.