Бишкекте дайынсыз жоголгон Абдиламит Эркинбай уулу изделүүдө

Бишкекте дайынсыз жоголгон Абдиламит Эркинбай уулу изделүүдө.

Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, Б.К. аттуу тургун арыз менен кайрылып, анын 17 жаштагы Абдиламит Эркинбай уулу аттуу тууганы 5-ноябрда саат 17:30дар чамасында Бакай-Ата конушунун Алманбет көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайра кайтып келбегенин билдирген.

Белгилери: бою 165-170 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң, тиштеринде брекет бар.

Кийими: ак көйнөк, көк шым, чыптама, куртка жана бут кийими кара түстө.

Абдиламит Эркинбай уулунун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 702 49-88-88, 0 557 11-94-10, 0 709 33-24-63, 0 500 60-70-67, 0 701 28-28-19 номерлерине же “102” кызматына кайрыла алат.

Related posts

Кеминде Калкты тейлөө борбору пайдаланууга берилди 

admin

Мексикада түнкү клубдун айнек балкону сынып кетип, 3 адам каза болду

admin

17-февралдан тартып өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт

admin

Комментарий