Бишкекте экологияны бузган мончо, сауналарга 228 миң сом айыл салынды

Бишкекте муниципалдык инспекция экологияны бузгандарды аныктап жатат. Январь айында 117 чарба жүргүзүүчү субъект, мончолор, сауна, анын ичинде техникалык тейлөө станциялары текшерилген. Иштетилген машина майын, өндүрүштүк, тигүү жана турмуштук калдыктарды өрттөө фактылары катталган. Аларга 228 миң сом айып салды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Профилактикалык иш жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө көмүр менен отунду пайдалануу эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелеринде тигүү өнөр жайынын пластмассадан, каучуктан, оргстектен жасалган буюмдарын (бутылка, банкалар ж.б.), желим (автомобиль дөңгөлөктөрү, камералар ж.б.), лак-боёк материалдарын жана башкаларды өрттөөгө тыюу салынгандыгы жазылган. Бишкек мэриясы шаардыктарга кайрылат: Эгер сиз мындай мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, сураныч, фото жана видео материалдарды Муниципалдык инспекциянын номерине жөнөтүңүз: 0990 75 73 71 (WhatsApp).

Related posts

27-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Жол кырсыгына кабылган № 48 автобустун айдоочусу иштен алынды. Ал автобусту калыбына келтирет

admin

Жер титирөөдөн улам Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна тоо боорунан топурак, таштар кулады

admin

Комментарий