Бишкекте генерал А.Бакаев атындагы УКМК Академиясын ачылды

Садыр Жапаров  17-октябрда Бишкек шаарындагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы Академиясынын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы катышуучуларды Академиянын ачылышы менен куттуктап, дүйнөдөгү жана чөлкөмдөгү саясий кырдаал Улуттук коопсуздук органдарынан алдыга коюлган тапшырмаларды так аткаруусу үчүн тиешелүү иш-аракеттерди талап кылып жатканына көңүл бурдурду. Ал ыкчам кызматкерлердин күжүрмөн кесиптик даярдыгынын, талдап-ой жүгүртүүсүнүн жана чечкиндүүлүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кесиптик кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында Академия түзүү боюнча президенттин жарлыгы чыккан.

“Академия кесипкөй чекисттерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу багытында илимий жана усулдук борбору бар адистештирилген жогорку аскердик окуу жайы болмокчу. Бул окуу жайдан жаш адистер мамлекетибиздин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билимге, чеберчиликке жана жөндөмдөргө ээ болушат”, — деди Садыр Жапаров.

Related posts

УКМК: Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинде кеңешме өткөрүлдү

admin

Кыргызстанда сасык тумоо өсүүп жатат. Мектептер карантинге жабылышы мүмкүн

admin

КР УКМК: Нарын облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге коррупциялык кылмыштар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчилик эскертилди

admin

Комментарий