Бишкекте ишкерди уурдап, автоунаа жана 25 миң доллар берүүнү талап кылган шектүүлөр кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине, Бищкек шаарында ишкерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү күч менен автомашинага салып, Бишкек шаарынын сыртындагы ээн талаага алып чыгып кетишкендиги жөнүндө белгилүү болгон.

Факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү менен ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери бизнесменди уурдагандардын изине түшүп, Бишкек шаарынын борборундагы көчөлөрдүн биринин кесилишинде 1987-жылы туулган Т.Ж. жана 1990-жылы туулган С. Э. аттуу жарандарды кармашкан. Кийинчерээк аныкталгандай, алар жабырлануучуну шаардын четине алып чыгып, сабап, 25 миң доллар жана автомашинасын берүүгө макулдук алып, ишкердин башка унаасын алып кетүүгө жөнөшкөн. Кармалган Т.Ж. аттуу жаран Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. 1987-жылы туулган Т.Ж. жана 1990-жылы туулган С. Э. аттуу жарандар кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Related posts

Бишкекте уурдалган 3 жаштагы кыз. Аны издөөгө 800дөн ашуун милиция кызматкери тартылган

admin

Баткенде 27 жаштагы жигит апрель айынан бери дайынсыз болуп жатат 

admin

УКМК: Республикалык психиатрия жана наркология борборунда коррупциялык схема аныкталды

admin

Комментарий