Бишкекте күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн 18 — сентябрдагы аба ырайы

18-сентябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы.

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, өрөөндөрдө кар жаашы мүмкүн. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусу
түнкүсүн +10…+15
күндүз +22…+27

Талас району
түнкүсүн +4…+9
күндүз +21…+26

Баткен областы
түнкүсүн +12…+17
күндүз +24…+29

Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +12…+17
күндүз +24…+29

Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +7…+12
күндүз +17…+22

Нарын областы
түнкүсүн +4…+9
күндүз +20…+25

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүзгү жогорку температурасы +24…+26.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүзгү жогорку температурасы +17…+19.

Related posts

Сосновка постунда да оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

admin

ТИМ кыргызстандыктарга Ливандан чыгып кетүүнү сунуштады

admin

Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатынан алтын утту

admin

Комментарий