Бишкек мэриясы борбордогу көмүр саткан жайлардын даректери жана андагы баалар тууралуу маалымат берди.
Ленин районунун калкына көмүр сатуу төмөнкү көмүр базаларынан жүргүзүлөт:
1. Мурманск көчөсү 126 дарегиндеги көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
2. «Кара-Тоо» ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 45/2 «Кара-Жыгач» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;
3. «Береке» ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 122, 122а «Кара-Кече» тоннасы 5500-6500 сомдон жогору;
4. «Беш Сары » ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 1б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;
5. Дэн Сяопин проспектиси 306 а дареги боюнча Коргоо министрлигинин көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
6. «Болотбеков» жеке ишкер, Дэн Сяопин проспектиси 308/4. «Кара-Кече» тоннасы 5800 сом;
7. «Мурманск көчсү 1б» дарегиндеги Алтын корпорациясы «ЖЧКсында «Шабыркүл» көмүрүнүн тоннасы 6000 сомдон сатылууда;
8. Алыкулов көчөсү 6б дарегиндеги «Абиев Нурлан» жеке ишкер. «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом.
Биринчи май районунун аймагында:
1. «Ак-Босого» конушу, Профессор Зима 156а, 1 кап көмүр 220 сом, бир тонна көмүр 6000 сом, 30 тонна көмүр камдалды;
2. Щербаков көчөсү 121, 1 мүшөк көмүр 200 сом, 200 мүшөк бар;
3. Махатма Ганди жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 210 сом жана 1 тоннасы 6000 сом, ошондой эле тандалган көмүрдүн тоннасы 7000 сом, 60 тонна бар;
4. «Алтын-Бешик» жаңы конушу Алтын-Бешик жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 250 сом, тоннасы 6000 сом, запаста 70 тонна;
5. Дэн Сяопин көчөсү 531, бир кап көмүр 280 сом, кампада 10 тонна.
Ошону менен бирге кышка жакын 15-20 стационардык түйүн ачылат.
Октябрь районунун аймагында 1 көмүр базасы бар:
«Глобал Азия Пропертиз» ЖЧКсы «Төкөлдөш» конушун «Аламүдүн» станциясында, Казакстандын Кара-Жыгач көмүрүнүн 1 тоннасынын баасы 6200 сомду түзөт.
Свердлов районунун аймагында Достоевский көчөсү 1 дарегинде 1 отун базасы бар.