Бишкекте «көпөлөк» рейди жүрө баштагандан тарта 1600дөн ашык кыз аныкталган (видео)

30-ноябрдан баштап борбор калаада “Притон-Көпөлөк” аттуу профилактикалык иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери социалдык жоопкерчилиги төмөн кыздар интимдик кызмат көрсөтө алат делген жерлерди текшерүүдө. Бул сауналар, мейманканалар жана ижара батирлер.

Профилактикалык иш-чаралар башталгандан бери милиция кызматкерлери тарабынан 1 миң 600дөн ашык кыз аныкталып, райондук башкармалыктарга жеткирилип, алардын ар бири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын ичинен 97 кыз кайрадан милиция бөлүмүнө чакырылган.

Ошондой эле, Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 159 (сойкулук кылууга тартуу) жана 160 (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 16 шектүүгө жогорудагы беренелер боюнча айып берилип, аларга карата соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулуп, Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына камакка алынган.

Related posts

КР УКМК: Ысык-Көл облусунда К.Асанбекке тиешелүү 115 гектар жер мамлекетке кайтарылды

admin

 Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Казакстанга барат

admin

17-апрелге карата аба ырайы

admin

Комментарий