БИШКЕКТЕ “KARAKOL MUSIC” ФЕСТИВАЛЫНЫН БЕТ АЧАРЫ ӨТТҮ

Кыргызпатент «Karakol Music» эл аралык бренд фестивалынын долбоорунун авторлору менен биргеликте бет ачар өткөрдү.

Бул иш-чара Бүткүл дүйнөлүк Интеллектуалдык менчик уюмунун (ИМБДУ) “IР жана музыка” лозунгунун алкагында уюштурулгандыгы жөнүндө мекеменин директорунун орун басары белгиледи. Ал «Karakol Music» — Эл аралык бренд фестивалы келечекте чыгармачыл индустрияны алакалаштырууну кеңейтүүдө чоң аянтча катары шарт түзүп берет деген ишенимин билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө фестиваль жөнүндө долбоордун авторлору кеңири баяндама жасап, бул долбоор аркылуу креативдик экономикага, туризмге салым кошуу маселесин жана кыргыз элинин маданиятына жана искусствосуна тийгизе турган таасири тууралуу маалыматтар берилди.

Ошондой эле аталган долбоорду Кыргызпатенттин мамлекеттик Реестрине катталгандыгы жөнүндө күбөлүгүн салтанаттуу түрдө тапшырды.

Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы №270 «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө» Жарлыгынын алкагында авторлор менен көптөгөн иш-чараларды алып барып жана алардын ишмердигин колдоп, кесипкөй искусствону өнүктүрүүгө салым кошуп келет.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрликтердин өкүлдөрү, «Karakol Music» долбоорунун авторлору, маданият жана туризм тармагындагы адистер, жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр, ошондой эле маданий ишмерлер жана искусствонун өкүлдөрү катышышты.

Related posts

ГКНБ КР провели профилактическую беседу с руководителями строительных компаний города Бишкек

admin

ГКНБ: Азимбек Бекназаров задержан за легализацию преступных доходов и присвоении крупных сумм денег

admin

На экс-премьера Японии Синдзо Абэ совершено нападение, у него зафиксировали остановку сердца

admin

Комментарий