Бишкекте «Кыргыз Элечек — Жибек жолунун жүрөгү» аттуу мода көргөзмө өттү

Бишкекте «Кыргыз Элечек — Жибек жолунун жүрөгү» аттуу мода көргөзмө өттү

Бүгүн, 19-июнда маданий жана салттуу мурастарды улантуучу «Аталар изи» студиясынын негиздөөчүсү Асел Калканованын «Кыргыз Элечек — Жибек жолунун жүрөгү» аттуу мода көргөзмөсү өттү. Көргөзмө Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.

Көргөзмө учурунда этно-дизайнер Асель Калканова 7 түрдүү элечекти ороо ыкмасын көрсөттү. Катышуучулар көргөзмөнүн ар бир номерин бир дем менен көрүшүп, көкүрөк толуп, көөдөн керип, кыргыздын улуттук кийимдеринин кылым карытып келе жатканына сыймыктанып да, суктанып да, ал тургай көзгө жаш алгандай абалда болушту.

Иш-чаранын негизги максаты — байыркы жана этникалык элечектерди кайрадан жандантуу, улуттун уңгусун сактоо, келечекке мурас катары тапшырып берүү болуп саналат.

Related posts

Кеминдеги Ильич айылына жаңы бала бакча курулат 

admin

Эки кызы менен 6-кабаттан кулап түшкөн келиндин жолдошу эки айга камакка алынды

admin

Ош шаарында 18 жерде көмүр сатылып жатат (дареги)

admin

Комментарий