Бишкекте кыргыз тилинде окуткан класстардын саны көбөйөт 

Бишкекте кыргыз тилинде окуткан класстардын саны көбөйөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарында жалпы 103 мектеп болсо, анын 14ү толук кыргыз тилинде, 16сы толук орус тилинде билим берет. Ал эми калган 73 мектепте окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлөт.

Окутуу толук кыргыз тилинде жүргүзүлгөн 14 мектеп:

— Ленин району — ОМ №77, №93, МГ №68;
— Октябрь району — МГ №91;
— Биринчи май району — ОМ №81, №86, №99, №101, МГ №69, №78, БГИ №1;
— Свердлов району — ОМ №43, №87, МЛ №76.

Окутуу толук орус тилинде жүргүзүлгөн 16 мектеп:

— Ленин району — ОМ №25, ШГ №13;
— Октябрь району — ШРМ №1, ШГ №20, №26, №37, МЛ №17;
— Биринчи май району — ОМ №27, №41, МГ №24, №29, №48, МЛ №61;
— Свердлов району — МГ №12, №23, №33.

Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлгөн 73 мектеп:

— Ленин району — ОМ №2, №7, №8, №22, №40, №42, №44, №47, №50, №55, №57, №58, №59, №79, №80, №82, №84, №90, №96, №97, №102, ШРМ №10, МГ №9, №31, №72, №95, МЛ №74;
— Октябрь району — ОМ №3, №14, №34, №56, №60, №71, ;73, №88, №98, №97, №100, №103, ШГ №39, №62, №63, №64;
— Биринчи май району – ОМ №15, №18, №19, №49, №54, №83, МГ №6, №70, МЛ №28, №75;
— Свердлов району – ОМ №1, №10, №11, №16, №21, №30, №32, №35, №45, №46, №52, №53, №85, №89, №94, МГ №4, №38, №51, №66, №67, МЛ №65.

25-июлда Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментине окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 16 мектепке кыргыз класстарын ачуу боюнча тапшырма берилген.

Related posts

Камчыбек Ташиев: «Спорт мектептерден криминалдар эмес, спорт чеберлери чыгышы керек»

admin

Эрте картайган синдрому менен эң узак жашаган адам каза болду. Ал 28 жашта болчу

admin

Депутат Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшыруу үчүн арыз жазганы маалымдалууда

admin

Комментарий