Бишкекте «Кыргызалтындын» алтын куймаларын саткан дүкөнү ачылат

Эртең, 5-сентябрдан тартып “Кыргызалтын” ААКнын алтын чендик куймаларын сата турган дүкөнү иштеп баштайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, ал жактан бардык каалоочулар ар кыл өлчөмдөгү алтын чендик куймаларын сатып ала алат.

«Алтын чендик куймаларын эркин сатыкка чыгаруу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы болгон», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Мектеп окуучулары күзгү каникулга тарашат

admin

КР УКМК төрагасы К.Ташиев белгилүү италиялык актёр жана режиссёр Микеле Плачидо менен жолугушту

admin

29-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий