Бишкекте кызды сабаган деген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (видео)

Милиция кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

21-ноябрда милицияга кыз киши арыз менен кайрылып, чогуу жашаган жаранга чара көрүүнү суранган. Себеби ошол күнү Бишкек шаарынын 5-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда денесине эч себепсиз залал келтирген. Андан кийин ал белгисиз тарапка качып кеткен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган 1992-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында, алган жаракаттары «ден соолукка бир аз зыян келтирүү, анын натыйжасында ден соолуктан кыска мөөнөткө ажыратуу» деп бааланган.

Related posts

Бишкекте бычакталган жигит ооруканага түшкөн. Шектүү кармалды

admin

 УКМК: 18 кг баңгизат сатууга аракет кылып жаткан жеринен эки адам кармалды 

admin

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары жылды

admin

Комментарий