Милиция кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
21-ноябрда милицияга кыз киши арыз менен кайрылып, чогуу жашаган жаранга чара көрүүнү суранган. Себеби ошол күнү Бишкек шаарынын 5-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда денесине эч себепсиз залал келтирген. Андан кийин ал белгисиз тарапка качып кеткен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган 1992-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында, алган жаракаттары «ден соолукка бир аз зыян келтирүү, анын натыйжасында ден соолуктан кыска мөөнөткө ажыратуу» деп бааланган.