Бишкекте кызга күч колдонуп, 98 миң сомун тартып алган шектүү кармалды

Бишкекте тоноого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

25-декабрында кыз киши белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Астраханская көчөсүнүн үйлөрүнүн биринин жанынан күч колдонуп кол кабын тартып алган, анын ичинде 98 миң 500 сом акча каражаты жана 10 миң 800 сом турган Redmi маркасындагы уюлдук телефону болгон. Андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ленин РИИБдин
ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган жаранды аныктап, кармашкан.

Related posts

Садыр Жапаров иш сапары менен Брюсселге барды

admin

Шакиев: “Жер көчкү коркунучу бар аймактарда алдын алуу иштерин тездетүү зарыл”

admin

УКМК: Бишкек шаарынын вице-мэри кармалды, анын акча талап кылуу фактысы аныкталды

admin

Комментарий