Бишкекте кызганычтын айынан эркек киши сабалды. Шектүү камакка алынган

Бишкекте ден соолукка жеңил жаракат келтирүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

8-октябрда милицияга жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 17:00 чамасында кызганычтан улам сабап, денесине залал келтирген жаранга чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1969-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.

Related posts

Бишкектеги автобекеттин жабылышы боюнча мэрияга сындар айтылууда

admin

Акжол менен Жоламан «Жылдын мыкты балбаны» наамы үчүн ат салышууда

admin

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт — 2-мартка карата аба ырайы

admin

Комментарий