Бишкекте майыптыгы бар адамдардын кол өнөрчүлүк фестивалы башталды

Майыптыгы бар адамдардын кол өнөрчүлүк жана көркөм чыгармачылыгынын фестивалы 15-ноябрда башталды. Иш-чарага мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын 28 уюмунан миңден ашуун адам катышууда.

Уюштуруучулардын белгилөөсүнө ылайык, фестивалга катышууну каалагандардын саны жыл сайын көбөйүүдө.

Фестивал жети номинация боюнча: вокал, хор ырдоо, көркөм окуу, музыкалык аспаптарда ойноо, мода көрсөтүү, пантомима жана бий боюнча өтөт.

Иш-чаранын алкагында майыптыгы бар адамдар тарткан түрдүү сүрөттөр, зер жана башка чеберчилик буюмдардын көргөзмөсү болот.

Фестиваль 17-ноябрда жыйынтыкталат.

Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда 200 миңден ашуун майып адам жашайт. 2020-жылдын аягына карата 18 жашка чейинки 32 миңден ашуун баланын майыптыгы бар экени белгилүү болгон, бул жалпы майыптыгы бар адамдардын 16,5% түзөт. Жыл сайын 4 миңге жакын бала биринчи жолу майыптык статусун алат.

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар мамлекеттен тийиштүү жардам ала албай турганын укук коргоочулар айтып келишет. Алардын пикиринде, ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелгендер расмий статистикадан кыйла көп.

Related posts

УКМК: “Саяк” жана “Мики Чор” каймана аттуу УКТнын активдүү мүчөлөрү кармалды 

admin

Ысык-Көл облусунда эл аралык террористтик жана диний-экстремисттик уюмдардын терс таасирине каршы жалпы профилактикалык иш-чаралар уюштурулду

admin

Тиш дарылаткан 3 жашар кыздын эмнеден улам каза болгону айтылды

admin

Комментарий