Бишкекте мамлекеттик кызматка кирүүнү каалаган жаран 5 миң доллар берип, алданып калганын билген

Бишкекте алдамчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-август күнү милицияга жаран 2 чала таанышына чара көрүү арызы менен кайрылган. 2022-жылдын май айында Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен «мамлекеттик кызматка ишке орноштуруп берем» деген шылтоо менен 5 миң доллар акча каражатын алган. Андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1955-жылы жана 1974-жылы туулган жарандар аныкталып, кармалды.

Related posts

Коркутууга кабылып, жоголуп жаткан 16 жаштагы кыз Ноокаттан табылды

admin

Орусияда издөөдө жүргөн жаран Кадамжайда кармалды

admin

Кыргызстан менен Сауд Араб Падышачылыгы ажылык боюнча келишимге кол койду

admin

Комментарий