Бишкекте “Манас” эпосунун күнү белгиленди 

 Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында “Манас” эпосунун күнүнө карата “Тарых жана адабият” кечеси өттү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ленин районундагы мектептердин 200 окуучусу бир учурда «Манас» эпосунан үзүндү айтышты. Бул иш-чаранын катышуучуларын ата-энелер жана окуучулар колдоп турушту.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын алкагында ишке ашырылды.

Бул иш-чаранын максаты — жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо болуп саналат. Окуучуларды мугалимдер, ата-энелер жана балдар иштери боюнча инспекторлор коштоп жүрүштү.

Related posts

Бишкек ЖЭБдеги авария учуру түшүп калган видео тарады

admin

Фетхуллах Гүлендин сөөгү каякта жерге берилет?

admin

39 жаштагы Асел Кененбаева министрдин орун басары болду

admin

Комментарий