Бишкекте «Мыкты айдоочу» сынагы өттү. Аны ким жеңди?

Бишкек троллейбус башкармалыгы Автотранспорт жана жол кызматкерлеринин күнүнө карата “Мыкты айдоочу” сынагын өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жалпысынан сынакка тандалып алынган 16 троллейбус айдоочусу катышып, алардын ичинен 6 айдоочу финалдык баскычка чейин жетти. Сынактын биринчи бөлүгүндө айдоочулар жол эрежелери жана троллейбустардын техникалык түзүлүшү боюнча экзамен тапшырышты, ал эми экинчи бөлүгүнө ийгиликтүү өткөн айдоочулар өз өнөрлөрүн троллейбусттун рулунда көргөзүштү.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын «Мыкты айдоочусу» болуп №4 троллейбустун айдоочусу Кубанычбек уулу Эдил аныкталды. Ал эми экинчи оорунду №7 каттамдын айдоочусу Гүлнүр Токтогазиева жана үчүнчү оорунду №11 каттамдын айдоочусу Кубаныч Байматов ээледи.

Related posts

Алымкадыр Бейшеналиев Исламабад шаарында Глобалдык саммитке катышууда

admin

Талас мамлекеттик университетинин ректору коррупцияга шектелип кармалды

admin

Замир Ракиев Египет президентинин мамлекеттик сыйлыгына татыды — ВИДЕО

admin

Комментарий