Бишкекте окуучулар арасында «Орус элдик ырлары» аттуу сынак өттү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу болгон «Евразия» бейөкмөт уюмунан маалымдашты. Сынак Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп, анын негизги максаты — окуучулардын музыкалык талантын өнүктүрүү жана орус маданий мурасын жайылтуу болду.
Иш-чарага Кыргызстан боюнча 130дан ашуун окуучу катышуу үчүн арыз тапшырган.
Сынактын жыйынтыктары:
- Гран-при: Розалия Аманбаева (Бишкек шаары, №64 мектеп);
- 1-орун: Айдана Нурдинова (Нарын облусу, Чкалов атындагы мектеп);
- 2-орун: Жанузак Толкунбеков (Жалал-Абад облусу, №1 мектеп);
- 3-орун: Карина Турсунбаева (Нарын облусу, Керимбаев атындагы мектеп);
- Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү: Андрей Косаков (Бишкек шаары, №24 гимназия);
- Өзгөчө сүйкүмдүүлүгү үчүн: Жасмин