Бишкекте Садыр Жапаров менен Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Германия Федеративдүү Республикасынын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Германиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилди, килемчелер төшөлдү. Өлкө лидерлери бири-бири менен учурашты, Кыргызстандын жана Германиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген жоокерлердин алдынан өтүштү. Андан соң Садыр Жапаров жана Франк-Вальтер Штайнмайер өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды, андан кийин Ардак кароолдун жоокерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери кеңейтилген форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Related posts

Ташиев: «Реанимацияда жаткандарга 200 миң сомдон берилет»

admin

Бишкектеги “Фламинго” паркында аттракцион бузулуп, адамдар ичинде калып калган 

admin

Депутат Икрамов: «1973-жылы чыгарылган рентгенди колдонушат. Жаңысын коюп беришсин»

admin

Комментарий