Бишкекте саясатчылардын катышуусунда иш-чара өткөнү айтылды

28-январда “Дасмияда” саясатчылардын катышуусунда иш-чара өттү. Кактус жазгандай, иш-чараны Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Матраимов ачкан.

Маалыматка караганда, муңгуш уруусунун өкүлдөрүнүн атынан майрамдык сый-тамак берилген.

Сүрөттөргө караганда, иш-чарага Искандер Матраимовдон тышкары Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов, Жалолидин Нурбаев, экс-депутаттар Искандер Гаипкулов, Алиярбек Абжалиев, Акылбек Султанов, Эмилбек Каптагаев, Жогорку Кеңештеги Министрлер кабинетинин өкүлү Алмазбек Абытов жана башкалар барышкан. 

Related posts

Садыр Жапаров Нью-Йоркко иш сапары менен барат

admin

Жалал-Абад шаарындагы жаңыланган “Курманбек” стадиону ачылды

admin

23-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий