Бишкекте шаурмага уулангандардын саны 71 адамга жетти

Бишкек шаарындагы «Беш лаваш» жана «Мидос» тез тамактануучу жайынан тамактангандан кийин уулангандардын саны 71 адамга жетти. Бул Саламаттыкты сактоо министрлигинин 3-октябрга карата билдирген маалыматы.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган 71 адамдын ичинен 36 адам ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен бешөө жаш балдар.

«Дарыгерлердин маалыматы боюнча, ууланган жарандардын абалы канааттандырарлык. Абалы жакшырган жарандар бүгүн үйүнө дарыланууга жөнөтүлүшү мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Бейтаптар ооруканага 1-октябрда кайрылып баштап, Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору шашылыш жыйын өткөргөн. Аталган тамактануучу жайларда пландан сырткары текшерүүлөр жүргүзүлүп, айып пул салынган. Кемчиликтерди аткаруу боюнча санитардык эскертме берилди.

Бул окуядан кийин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы тез тамактануучу жайларды текшерүү тапшырмасын берди.

Related posts

Садыр Жапаров Тамчыдагы аэропорттун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушуна старт берди 

admin

Ооган аймагынан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 36 жылдыгы белгиленди

admin

Орусиядагы теракттан кийин дайынсыз болуп жаткан 2 кыргыз кыздын ысымы каза болгондордун тизмесинде жарыяланды

admin

Комментарий