Бишкекте “Стартап Улуту” хакатону старт алды

Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордо, мекеме жана анын өнөктөштөрү CODIFY жана Accelerate Prosperity менен биргеликте, 1-марттан 3-мартка чейин “Стартап улуту” хакатону өтүп жатат. Ага Кыргызстандын баардык аймактарынан 500 адамдан турган 140 команда ат салышып жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 30-40 команда гана калыстар тобуна өз долбоорун жактоого мүмкүнчүлүк алышат. Андыктан, атаандаштык күчтүү болоору күтүлүүдө.
Бүгүн иш-чаранын расмий ачылыш аземи болду. Анда Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева куттуктоо сөзүн сүйлөдү.


“Кыргызстанда келечектүү идеяларга бай жаштар көп. Аларды Өкмөт Кыргызпатент аркылуу колдоп келет. Андыктан, мыкты идеяны ишке ашырып, бизнес баштоо өз мекенинде деле мүмкүн экени далилденип келет”,-деди Рахат Керимбаева өз сөзүндө.
Белгилей кетсек, “Стартап улуту” хакатону быйыл экинчи ирет өткөрүлүп жатат. Хакатонду жылына үч ирет өткөрүү пландалууда.


Бир гана Кыргызстандан эмес, Аскар Болат, Эдиль Аджибаев, Ильяз Мансиров, Диана Войт, Бакыт Ирсалиев, Мээрим Айдаралиева, Руслан Молчанов, Калмурат Жангазиев, Марлис Эсенакунов, Айбийке Эрмекова сыяктуу насаатчылар Казакстан жана Дубайдан да келишип, стартап идеяны ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча сабактарды өтүшөт.
Амбициялуу ишкерлер жана стартаптар 3000 долларлык байге фонду үчүн ат салышууда. Эртең насаатчылар стартап-идея авторлоруна сессия өтүшөт. Ал эми 3-мартта долбоорлор кабыл алынып, финалга чыккандар тандалат жана калыстар тобуна презентация жасалган соң жеңүүчүлөр аныкталып, акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Related posts

Өлкөдө жаз мезгилинде 6 өзгөчө кырдаал, 106 өзгөчө окуя катталды

admin

УКМК төрагасы КМШ мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешине катышты

admin

1-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий