Бишкекте таштанды челектен табылган ымыркай. Милиция маалымат берди

Бишкекте таштанды челектен жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Октябрь РИИБден маалымат беришти.

8-ноябрда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына саат 23:30 чамасында чалуу түшкөн. Анда Элебаев көчөсүндөгү таштанды челекте ымыркай жаткандыгы айтылган. Жерине барган милиция жаңы төрөлгөн ымыркайды тапкан. Аталган факты каттоого алынган. Учурда бул материал боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ымыркай № 1 төрөт үйүнө которулган. Ымыркайдын абалы туруктуу.

Related posts

Бишкектен Баткенге убактылуу контейнер үйлөр жөнөтүлө баштады

admin

Соттордо жана өкмөттө гендердик балансты камсыздачу мыйзам сунушталды

admin

Камчыбек Ташиев Нарын облусунда төрөлгөн 3 эмдин үй-бүлөсүнө батир тапшырды

admin

Комментарий