Бишкекте уурдалган 3 жаштагы кыз. Аны издөөгө 800дөн ашуун милиция кызматкери тартылган

9-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан соода борборунун балдардын оюн-зоок залында белгисиз адамдар үч жаштагы кызды уурдап, белгисиз тарапка изин жашырып кетип калышканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милицияга арыз менен кыздын апасы кайрылган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу келген. 3 жаштагы кыздын кайда экендигин аныктоо максатында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өздүк курамы, ИИМдин ыкчам-тергөө тобу, Бишкек ШИИББдин жана Свердлов РИИБдин жетекчилери жана кызматкерлери айгай менен көтөрүлгөн. Аламүдүн жана Сокулук РИИБине жана башка кызматтарга багыттамалар берилген. Кичинекей кызды издөө үчүн ички иштер органдарынын 800 ашык кызматкерлери тартылган. Видеокөзөмөл камералары дагы текшерилип, маанилүү учурлар катталып калганы байкалган. Саат 19:50 чамасында 13 жаштагы белгисиз бала жогорудагы кызды колуна көтөрүп, соода борборунан чыккан. Мындан аркы текшерүү көрсөткөндөй, кичинекей кыздын жанында белгисиз аял жүргөн, көчөдө алар биргеликте 200 метрдей басышып, “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү маршруткага түшүп кетишкен. Бул факты боюнча Свердлов РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (Адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам жана сырткы кызматтар тарабынан белгиленген багыттар боюнча бардык видеокамералар текшерилген. Маршруттун айдоочусунун аты-жөнү дагы такталып, суралган. Ал бул аялды балдары менен эстеп калганын, эч кандай күмөн ойлор жаралбаганын билдирген. Жогорудагы аял балдар менен кошо Аламүдүн районундагы айылдардын биринде түшүп калып, белгисиз тарапка кеткени аныкталган. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө уурдалган кыздын жүргөн жери аныкталып, ата-энесине тапшырылып берилген. Шектүү аял такталып, ал Чүй облусунун жашоочусу 1998-жылы туулган Р.М. экендиги аныкталган. Анын сөзү боюнча, ал ошол күнү 5 жана 13 жаштагы инилерин оюн-зоок паркына алып келгенин билдирген. Ал Свердлов РИИБге жеткирилди. Анын аракеттерине юридикалык баа берилет. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

Related posts

Токмокто жол кырсыгынан 3 адам жабыркады 

admin

2-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

БШК Элдар Абакировду депутат кылып каттады

admin

Комментарий