Бишкекте “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасынын негизинде тартылган мурал пайда болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мурал Байтик Баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратка тартылган.
«Сүрөт Кыргызстандын мурастарын жана Болотбек Шамшиевдин чыгармачылыгында чагылдырылган адамдык баалуулуктарды сактоо максатында түзүлгөн»,- деп айтылат маалыматта.