Бишкекте “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасынын негизинде имаратка сүрөт тартылды

Бишкекте “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасынын негизинде тартылган мурал пайда болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мурал Байтик Баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратка тартылган.

«Сүрөт Кыргызстандын мурастарын жана Болотбек Шамшиевдин чыгармачылыгында чагылдырылган адамдык баалуулуктарды сактоо максатында түзүлгөн»,- деп айтылат маалыматта.

Related posts

Бишкекте аялдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады

admin

21 жаштагы “Түндүк электрдин” кызматкери сууга агып бараткан өспүрүмдү куткарып калды 

admin

ӨКМдин керектөөсү үчүн эки талаа госпиталы берилди

admin

Комментарий