Борбор калаада жаңы №64 автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Муниципалдык автобустун акыркы аялдамалары «Ынтымак» конушунда жана «Маевка» айылында жайгашкан. Каттамда 20 автобус иштеп, аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт. Ошондой эле шаардын коомдук транспорт тармагын оптималдаштыруунун алкагында №145 муниципалдык автобус каттамынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлдү.