Бишкекте жашы жете элек кыздарды сойкулукка мажбурлаган шектүүлөр кармалды

Бишкек милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан сойкулукка тартуу менен алектенген шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

24-сентябрда болжол менен саат 15:20 чамасында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Абдымомунов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде белгисиз жарандар жашы жете элек кыздарды кыйноо жана коркутуу жолу менен интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси (сойкулук менен алектенүүгө тартуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1995-жылы туулган А.А. жана 2005-жылы туулган Х. Ж. аттуу жарандар аныкталып, кармалган.

Related posts

Быйыл балдын сатып алуу баалары жогорулап кеткенден улам экспортко чыгаруу татаалдашкан

admin

Сириядагы лагерлерде кармалган Кыргызстандын жарандары мекенине кайтарылат

admin

 2025-2026-жылдары коррупция толугу менен жоюлушу керек. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылуусунда билдирди.

admin

Комментарий