Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген жаран тууралуу УКМКдан маалымат таратышты 

Бишкектеги 5-кичи райондо апасын уулу жана кызы менен өлтүрүүгө  шектелип ка кармалган адамдын  УКМКнын мурдагы кызматкери экенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан. Бул боюнча УКМКдан маалымат беришти.

Шектүү 1986-жылы туулган жаран 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн. «Белгилүү болгондой, Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы пенсияга эмгек стажына байланыштуу УКМКнын 9-кызматынан бошотулган»,- деп айтылат маалыматта.

  • 16-февралда Бишкекте 3 адамдын киши колдуу болгону маалым болгон. ИИМден бүгүн, 17-февралда кылмышка шектүү кармалганын билдиришти. Бишкек шаарынын 5-кичи районунда энеси, кызы жана уулунун денесине оор залалдар келтирилген жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 1986-жылы туулган тургуну кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине жеткирилген.

Related posts

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 40 миңден ашты 

admin

Ташиев УКМК кызматкерлерине мыйзам жоопкерчилигин эскертти

admin

Учурда өлкө боюнча дээрлик 62 миң ипотекалык батир курулууда

admin

Комментарий