Бишкектеги үч конушта ичүүчү суу өчүрүлөт 

Бүгүн, 2-мартта Бишкектеги Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2-мартта турак үй, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо объекттери жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде суу болбойт.

Суу «Ак-Жар», «Ак-Бата» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жарандардан, уюмдардан ичүүчү сууну эртелеп камдап алуусун суранат.

Related posts

Ташиев: «Жөө карап жүрөм. Баткен шаарында таштанды жатат, арыктар тазаланган эмес»

admin

Ошто сел сууларын агызууга арналган жерлер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен

admin

Россияда президенттик шайлоо дайындалды

admin

Комментарий