Бишкектеги №63 мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү

Бүгүн, 28-мартта саат 09:43 чамасында милицияга №63 мектеп-гимназиясынын аймагына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу барып, дароо мектептин аймагын курчоого алышкан. Мектеп окуучулары жана мектепте иштегендер эвакуацияланган.

Related posts

«Орунсуз билдирүү». Трамп Зеленскийдин айтканы тууралуу үн катты

admin

Депутаттар электрондук тамеки жана вейп тартууга тыюу салууну сунушташты

admin

КР УКМК: УКМК: К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча казак ишкерине издөө жарыяланды

admin

Комментарий