Бишкектеги №29 мектепте «Улуттун түбөлүктүүлүгү эне тилинде» аттуу  салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкек шаарындагы №29 жалпы билим берүү орто мектебинде 23-сентябрь – мамлекеттик тил күнүнө карата « Улуттун түбөлүктүүлүгү эне тилинде» аттуу  салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарада майрамдык концерттик программа жана балдардын кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү уюштурулуп, ага мектеп  директору Джамгырчиева Чынара, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Керимова Гулзад, мамлекеттик тил боюнча директорунун орун басары Шайдуллаева Сайра, мугалимдер жамааты жана мектеп окуучулары катышты.

Мамлекеттик тил күнүнүн урматына №29 мектептин мамлекеттик тил мугалимдери жана окуучулары тарабынан даярдалган видеоролик көрсөтүлдү. Балдарга кыргыз тилинин келип чыгышы тарыхы, басып өткөн жолу жана  кыргыздар колдонгон алфавит, байыркы жазуулар жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.

Окуучулар Манастан үзүндү айтып, «Жалын бийин» аткарып, эне тилин даңктаган ырлардан көркөм окуп жана мекенди сүйгөн патриоттук ырларды аткарышты.

№29 мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Керимова Гүлзад иш-чара тууралуу пикири менен бөлүштү: «Бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү биздин мектеп үчүн чоң майрам болду. Иш-чарага 9–10–11-класстын окуучулары катышып, тил жөнүндө абдан жакшы программа даярдашты. Шайлообек Дүйшеевдин жүрөк толкуткан «Кыргыз тилин унуткандар» аттуу ырын Икромжанова Зебо көркөм окуду. Биздин мектепте окутуу орус тилинде болгону менен кыргыз тилине болгон мамиле абдан жакшы, балдар кыргыз тилинде эркин сүйлөшөт, баркташат. Буга чейин 4  жыл катары менен кыргыздын кыз-жигиттин «Сармерден» оюнун өткөрүп келгенбиз. УТРКдан келип тартып кетишкен. Быйыл дагы «Сармерденди» Ноорузга карата уюштуралы деп жатабыз. Ушул иш-чаралардын баарын жогорку деңгээлде уюштуруп жаткан кыргыз тили кафедрасынын башчысы Сайра Шайдуллаевага терең ыраазычылык билдирем. Эне тилин сүйгөн балдарыбыз көбөйө берсин», – деди Гүлзад Жолдошова.

Related posts

«Айдоочулук күбөлүк алып беребиз». Ошто алдамчылыкка шектелген адамдардын тобу кармалды

admin

Бишкекте баасы дээрлик 1 млрд сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

admin

КР УКМК: Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 366 миллион 185 миң сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий