Бишкектеги автобекеттин жабылышы боюнча мэрияга сындар айтылууда

Жогорку Кеңеште Батыш автобекеттеги каттамдарды жаңы вокзалга көчүрүүдө мэрия чабал иштегенин айтышты.

Алсак, депутат Бактыяр Калпаев жарандарга маалымат жетпей түшүнбөстүк жаралганын белгиледи. Буга утурлай, депутат Аида Исатбек кызы дагы бул маселе боюнча жарандардан кайрылуулар көп келгенин айтты.

«Автобекет качан көчүрүлө тургандыгы тууралуу толук маалымат берилген эмес окшойт. Кечээ автобекетке барып алган жүргүнчүлөр ыңгайсыз абалда калып, нааразы болушууда. Көчүрүп кетишти, эми ал жакка автобустар каттайт деп жатышат. Мэрияга кайрылат элем, ошол тууралуу да тагыраак маалымат берип койсоңор», — деди эл өкүлү.

Эске салсак, кечээ мэрия Батыш автобекетинин иши токтотулуп, каттамдар Алматы, 1/1 дарегиндеги жаңы автобекетке көчүрүлгөнүнү тууралуу айтылган. Алдын ала маалымат берилбегендиктен барып алгандар убара тартышкан.

Ал арада муниципалитет мурунку Батыш автобекетинен жаңысы жайгашкан Алматы, 1/1 дарегине №13 автобус каттап жатканын билдирди.

Related posts

КР УКМК: Нарын облусунун Жумгал районунун Арал айылында жайгашкан мурдагы “Дружба” пионер лагеринин аймагы кошумча түрдө мамлекетке кайтарылды

admin

Некролог. Улуттук коопсуздук органынын ардагери Замир Сабаев дүйнөдөн кайтты

admin

Ошто тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 1 адам каза болду 

admin

Комментарий