Бишкектеги борбордук көчөлөр 3 күн жабык болот. Тизме

30-декабрдан тарта айрым аймактарда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жаңы жылды майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө буйрукка ылайык, 30-декабрдан 1-январга чейин (кошкондо) айрым жерлерде жол кыймылы, ошондой эле унаа токтотуу эрежелери чектелет.

Чүй проспектиси (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 30-декабрда саат 14:00дөн 1-январь саат 07:00гө чейин жабылат.

Киев көчөсү (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 31-декабрда саат 14:00дөн 1-январь саат 07:00гө чейин жеке транспорт үчүн жабылат. Кирүү коомдук транспорт үчүн гана болот.

30-декабрда саат 14:00дөн 1-январь саат 07:00гө чейинки аралыкта Панфилов көчөсү (Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин) эки тараптуу жол кыймылы үчүн жеткиликтүү болот.

30-декабрда саат 14:00дөн 1-январь саат 07:00гө чейин Эркиндик бульвары (Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин) эки тарапка унаа токтотууга тыюу салынат.

Related posts

Райымбек Матраимовдун 7 мүлкү мамлекетке өттү. Алар кайсылар?

admin

Италияда кеме чөгүп, 59 мигрант каза болду. Аман калгандар эмне дешти? 

admin

Мурдагы министр Султан Урманаев коррупцияга шектелип кармалды

admin

Комментарий