Бишкектеги ЦУМ, «Beren Gold» соода борборлорунда тинтүү учурунлда уюлдук телефондорду контрабандалоонун туруктуу коррупциялык схемасы ачыкталды

Уюлдук телефондорду контрабандалоонун туруктуу коррупциялык схемасы ачыкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мобилдик телефондорду айрым импорттоочулар УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жана башка кызмат адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты түзүү менен белгилүү дүйнөлүк бренддердеги кымбат баалуу уюлдук телефондорду Кыргызстандын аймагына аткезчилик жолу менен алып келишкендиги жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында, мамлекеттик чек араны кесип өткөн Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин кабарсыз жарандарына мыйзамсыз катташкандыгы жөнүндө маалымат алынган.

Ошону менен бирге чек ара кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз түрдө материалдык жана башка пайда алуу максатында жеке импортчуларга уюлдук аппараттарды аткезчилик жол менен алып өтүүгө жана аларды каттоого жогоруда аталган жарандардын паспорттук маалыматтарын берүү жолу менен көмөк көрсөтүшкөн.

УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү «Коррупция» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 3-декабрда Бишкек шаарындагы ЦУМ «Айчүрөк» жана «Beren Gold» соода борборлорунда, ошондой эле катталбаган мобилдик түзүлүштөрдү алуу максатында Ош шаарындагы “Уюлдук телефондордо” тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Алдын ала маалыматтар боюнча мамлекеттик бюджетке 100 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Related posts

«Раззаков-Бишкек-Раззаков» багыты боюнча 22 млн. 500 миң сомдон ашык суммадагы авто унаа токтотуучу жайдын жер тилкеси ыктырдуу түрдө мамлекетттин балансына кайтарылды

admin

УКМК: Сузак райондук калкты тейлөө борборунун башкы адиси кармалды

admin

Жаан-чачын күтүлбөйт. 18-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий