Бишкектеги көмүр сатуу түйүндөрүнүн даректери жана баасы

Бишкектеги көмүрдүн маркасы, сатуу пункттары жана көмүрдүн баасы менен Бишкек мэриясы бөлүштү.

Ленин району боюнча калкка көмүр төмөндөгү отун базаларынан сатылат:

— Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
— Мурманск көчөсү, 45/2 дарегинде«Кара-Жыра» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;
— «Береке» ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 122, 122а дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5000-6500 сомдон;
— «Беш Сары», Мурманск көчөсү 1Б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;
— Дэн Сяопин проспетиси , 306а дарегиндеги Коргоо министрлигинин көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
— «Болотбеков», Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 дарегинде “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;
— «Золотая корпорация» ЖЧКсы, Мурманск 1Б дарегинде, кире бериши түштүк тараптан. «Шабыркүл» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;
— Жеке ишкер «Абиев Нурлан», Алыкулов көчөсү, 6б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом.

Биринчи май районунда Кара-Кече көмүрү төмөнкү даректерде сатылат:

— «Ак-Босого» конушу, Профессор Зима 156а дарегинд 1 кап көмүрдүн баасы 220 сом, бир тонна көмүр 6000 сом, Чүй 23 көчөсү, 43 үйүндө 1 кап 230 сом;
— Щербаков көчөсү 121 дарегинде 1 кап көмүр 200 сом;
— Махатма Ганди жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 210 сом жана тоннасы 6000 сомдон, ошондой эле тандалган көмүрдүн тоннасына 7000 сомдон;
— «Алтын-Бешик» конушундагы Алтын-Бешик жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүрдүн баасы 250 сомдон, тоннасы 6000 сомдон сатылууда;
— Дэн Сяопин пр., 531 дарегинде 1 мүшөк көмүр 280 сомдон;
— «Тынчтык» конушу 12-көчөсү, 19-үйдө бир кап көмүр 250 сомдон;
— Месарош көчөсү, 96 дарегинде 1 кап көмүр 240 сомдон сатылууда;
— «Калыс Ордо» конушу, 106-көчөсү, 1-үйдө 1 кап көмүр 250 сомдон.

Ошол эле учурда кышка жакын 15-20дай стационардык пункттар ачылат.

Свердлов районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:

— Достоевский көчөсү №1, «Шабыркул» тоннасы 6200 сом;
— айланма жолдун боюндагы «Келечек» конушунда “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5800-6000 сом.

Октябрь районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:

— «Глобал Азия Пропертиз» ЖЧКсы «Төкөлдөш» конушу;
—  Аламүдүн» станциясында Казакстандын Кара-Жыра көмүрүнүн 1 тоннасынын баасы 6200 сом;
— «Кара-Жыгач» конушу Л.Толстой көчөсүндө «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
— «Рухий-Мурас» конушу Бейшеналиева — Рухий Мурас 2 көчөсү, “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 6000 сомдон.

Related posts

Жаан-чачын күтүлбөйт. 17-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Орус армиясы Украинадагы АЭСтин аймагына сокку урду

admin

«Кызматта отура берем деген болбойт». Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылды

admin

Комментарий