Бишкектеги машыгуу залындагы кол салуу: ИИМ тергөөнүн жүрүшүн көзөмөлгө алганын билдирди

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Ы.М. жана Н.Ж. ортосунда финансылык келишпестиктер болуп, ошол себептен Ы.М, Н.Ж. жана С.Э. иштеген 7-кичи районунда жайгашкан машыгуу залына келген. Алгачкы тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Ы.М. аттуу жаран Н.Ж. иштеген жумушуна келип, ага өз дооматтарын койгон. Андан кийин атайлап өзүнө катталган «Сайга» мергенчилик мылтыгы менен Н.Ж. аттуу жарандын курсагына ок чыгарган. Андан соң, кол салган Ы.М. аттуу жаран, кайра атуу үчүн ага каршы багытталган мылтыктын стволун алып салуу максатында аны менен күрөшүп кирген С.Э. аттуу жарандын бутуна аткан. Бул коргоонуунун жүрүшүндө кол салган Ы.М. аттуу жарандын өзүнүн башына кокустан ок атылып, ошол жерден каза болгон. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Азыркы учурда чыныгы жагдайларды аныктоого жана юридикалык баа берүүгө багытталган тергөө-оперативдүү иш-чаралардын топтому жүргүзүлүүдө. Н.Ж. жана С.Э. дарылоо мекемесинде жатышат. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

Эскертүү: Окуя тууралуу туура эмес маалымат тараганына байланыштуу, ички иштер министрлиги расмий булактар жарыялаган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат.

Related posts

Бишкекте кыргыз тилинде окуткан класстардын саны көбөйөт 

admin

Бишкекте үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом тапшырылды 

admin

Ырчы Жонни ата статусуна ээ болду

admin

Комментарий