Бишкектеги мектептерде суукка байланыштуу сабактын убактысы кыскартылышы мүмкүн

Күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына мектептерде окуунун кыскартылган графигине өтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

«Күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу Билим берүү департаментине мектептерде окуунун кыскартылган графигине өтүү, бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтыруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле менчик мектептерге да ушундай чараларды көрүүнү сунуштоо пландалууда. Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди. “Тазалык” муниципалдык ишканасына жолдорду жана тротуарларды кардан жана муздан тазалоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

12 миңден ашуун маданият кызматкери аттестация тапшырат

admin

Шакиев: “Улуттук банк тармакка жаңылыктарды киргизүүсү кажет”

admin

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолу селден улам жабылды

admin

Комментарий