Бишкектеги Панфилов атындагы парк аймагындагы 41,6 млн сомдук жер тилкеси жеке менчикке өтүп кеткен. Ал мамлекетке кайтарылды

УКМК коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,072 гектар жер тилкесин Бишкек шаарынын мэриясынын балансына кайтарды.
Тактап айтканда, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2008-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары ишкердик субъектинин өкүлү менен тил табышып алып, Фрунзе көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесин (Панфилов паркындагы жайкы кинотеатр) ар кандай оюн зоок жайларын долбоорлоо жана куруу үчүн жеке менчике мыйзамсыз бөлүп беришкендиги аныкталган.
Аталган жер тилкеси И. Панфилов паркынын аймагына таандык болуп, калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жери болуп эсептелинет. Бишкек шаарынын башкы планына жана КР Жер кодексине ылайык калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер тилкелери жеке менчикке берилбейт.
Жүргүзүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында козголгон кылмыш ишинин алкагында, жер тилкесин негизги менчик ээсине мыйзамсыз берүү фактысы далилденген жана бүгүнкү күнгө чейин аталган жер тилкеси бир нече жолу сатылып, акыркы менчик ээси М.С.У. аттуу жаран, жогоруда көрсөтүлгөн аянты 0,072 гектар, болжолдуу баасы 41 678 000 сом болгон жер тилкени муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүп берген.
Учурда бул фактыга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка тараптарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КР УКМК бул сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-аракеттер улантыларын эскертет!

Related posts

Садыр Жапаров: Кыргыз-тажик чек арасы жаңы жылга чейин такталат

admin

Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу чечимин кабыл алууда депутаттарга кысым болгонбу?

admin

Сузакта 18 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталып жүргөнүн айтып чыкты

admin

Комментарий