Бишкектеги самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

 Бишкектеги самбо боюнча дүйнө чемпионатына 51 өлкөнүн өкүлдөрү келди. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаков билдирди.

Анын айтымында, алдыдагы мелдеште 500дөй спортчу күчүн сынайт. «Мурунку дүйнө чемпионатын 20 млн адам көргөн», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Бишкектин «Газпром» ден соолукту чыңдоо борборунда 11-13-ноябрь күндөрү алгачкы жолу самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө.

Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:

Эркектер: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору;

Кыз-келиндер: 50, 54, 59, 65, 72, 80, 80 кг жогору;

Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору.

Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түзөт.

1-орун- 4000 доллар;

2-орун- 3000 доллар;

3-орун- 2000 доллар.

Кыргызстандын атынан дүйнө чемпионатына 21 спортчу катышат.

Related posts

Баткенде электромобилдер үчүн электр станциясы ишке киргизилет 

admin

Раззак Бейшекеев Азия чемпионатында күмүш медаль алды

admin

Орусияда «кара тизмеге» кирген кыргыз жарандарынын саны өстү

admin

Комментарий