Бишкектеги таштандыдан табылган ымыркайдын атын Садыр коюшту

Таштандыдан табылган жаңы төрөлгөн балага Садыр деген ысым ыйгарылды. Бул тууралуу журналисттерге № 1 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Замира Матубраимова билдирди.

Анын айтымында, ымыркайдын абалы жакшырып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. «Биз маалымкат толтурдук, балдар бөлүмүнүн дарыгерлери ага президентибиздин урматына Садыр деген ысым ыйгарууну чечишти. Биз анын да акылдуу жана адилет болуп чоңоюшун каалайбыз», — деди ал.

Матубраимова кошумчалагандай, 15-ноябрга чейин ымыркай төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Кийин шаардык балдар ооруканасына которулат.

Related posts

Бишкекте торпок менен аламан улак тартышты. Сүрөт

admin

Бишкекте жарандын буту көчөдөгү темирге кирип, кыпчылып калган

admin

Конституциялык соттун төрагасына кылмыш иши козголду, — УКМК

admin

Комментарий