Бишкектеги жол кырсыгы. №135 маршрутканын айдоочусу иштен алынды

Бишкекте  жол кырсыгана кабылып, жүргүнчүлөрү жабыркаган маршрутканын айдоочусу М.Омор уулу иштен алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Унаасы жагдайлар такталганга чейин айып аянтчасына токтотулду.

Эскерте кетсек, Бишкектин Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчүлөрдү ташыган №135 маршрутка менен “Хюндай Соната” үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан.

Кырсыктан 5 адам жабыркап, алардын төртөө кичи автобустун жүргүнчүлөрү болсо, бири жеңил унаанын айдоочусу болгон.

Related posts

12-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

КРСУда «Кытай заманбаптык жолунда» аттуу эл аралык конференция өттү

admin

УКМК: Экстремисттик материалдарды даярдап, тараткан Өзбекстандын жараны аныкталды

admin

Комментарий