Бишкектеги №20 мектеп-гимназиясына Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылды 

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 12-октябрда, Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназиясына Гейдар Алиев ысымын ыйгаруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

КР президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев катышты.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы Кыргызстанда мектепке ысым ыйгаруу эки тараптуу мамилелердеги орчундуу окуя экенин белгиледи. Айтмында ал эки элдин бекем достугун жана өлкөлөр ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты айгинелейт. Анын пайдубалы эл аралык даражадагы тарыхый инсан, Азербайжандын улуттук лидери, урматтуу Гейдар Алиевич Алиев тарабынан түптөлгөн.

Ал мектепке Гейдар Алиевдин ысымын ыйгаруу Кыргызстан үчүн чоң сыймык экенин, анткени бул масштабдуу инсанда Азербайжандын эле эмес, башка элдердин да үмүтү жана тилеги топтолгондугун баса белгиледи.

«Ал ким болбосун, республиканын Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болобу, же езүнүн кичи мекени — Нахичеванда болсун — Гейдар Алиевич ез доорунун керунуктуу екүлү, кылдат жана ойчул, жаратман, даанышман адам болгон. Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү катары СССР Министрлер Советинин Төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп турганда Гейдар Алиев СССРдин экономикалык, социалдык жана маданий турмушунун маанилүү багыттарын жетектеген. Анын бай саясий жана мамлекеттик тажрыйбасы, элдин таламдарын коргоодогу бекемдиги жана ак ниеттүүлүгү, акылмандыгы жана бийик адамдык сапаттары Азербайжандын чегинен тышкары жерлерде да адилеттүү түрдө урмат-сыйга ээ болгон. Ал элибизге болгон жылуу мамилеси, колдоосу, катышуусу менен бизге, кыргызстандыктарга жакын”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы келечекте бул мектептен Гейдар Алиев сыяктуу инсандар чыгат деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров жаш мекендештер бир тууган эки элдин жана өлкөлөрдүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын бекем көпүрөсү болуп каларына ишенет.

Гейдар Алиевдин: «Коомубуздун келечектеги прогресси көбүнесе биз бүгүн жаштарды эмнеге жана кантип үйрөтө турганыбызга жараша болот» деген сөзүн эске салып, Мамлекет башчысы өлкөнүн жаш муунун тарбиялоо дайыма көңүл борборунда экенин белгиледи.

«Бул табигый көрүнүш, анткени ар бир мамлекеттин бүгүнкүсү жана келечеги сапаттуу билимге, алган билимин коомдун жыргалчылыгы үчүн колдоно билүүсүнө түздөн-түз байланыштуу», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров президент Ильхам Алиевге достуктун, тилектештиктин жана колдоонун бийик байланыштарына жеке берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Мунун аркасында эки тараптуу мамилелер бүгүнкү күнгө чейин ийгиликтүү өнүгүп эле тим болбостон, таптакыр жаңы деңгээлге чыгууда.

Садыр Жапаров быйылкы жылы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелер активдешип, стратегиялык өнөктөштүктүн таптакыр жаңы деңгээлине чыкканын канааттануу менен баса белгиледи.

Андан соң, өлкө лидерлери мектептин залдарын жана класстарын кыдырып чыгышты.

Класстарды көрүү учурунда Азербайжандын президенти Ильхам Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылды.

Өлкө лидерлери мектептин ашканасында башталгыч класстын балдары менен эртең мененки тамакта баарлашып, алар менен мектептин тамагынан даам сызышты.

Ардактуу меймандар үчүн мектептин окуучулары Кыргызстан менен Азербайжандын достугун чагылдырган ырларды окуп, ырдап, ошондой эле «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтышты.

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев балдардын талантын белгилешип, алардын окууларына ийгиликтерди жана жаркын келечекти каалашты.

Related posts

Максат Тентимишов Екатеринбургдагы Кыргызстандын Башкы консулу болуп дайындалды

admin

КР элчилиги “Аль-Каиданын” башчысы Гансиден учурулган учак менен жок кылынды деген маалыматты төгүндөдү

admin

КР УКМК: Адам органдарын мыйзамсыз сатуу менен алектенген трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

admin

Комментарий